#REакция-2 митинги: Сөз эркиндиги утабы же коррупциябы?

  • 4 года мурун

Бүгүн, 18-декабрда, Бишкекте АлаТоо аянтында сөз эркиндигин коргоо боюнча #РЕакция- 2 митинги башталды.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарына куугунтук болбошу керек! Коррупциялык схеманы аныктап чыгууга жардам берген ЖМКга куугунтук болбош керек!» ,»Сот эркиндиги утабы же коррупциябы?» деп суроо салды уюштуруучулар.

Митингде барабан кагылып, биздин үнүбүз бийликке угулуп турсун деп максат коюлду. «Калк айтса да, калп айтпайт», «Өлкөнү ким башкарып жатат?», «Азаттыкка»-азаттык!», «Сөз эркиндиги!» «Райым камалсын! «Реалдуу реформа!» деп кыйкырып турушту

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековго баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкасын талап кылып кайрылмак болушту. Баш прокуратура Матраимовдор тууралуу журналисттик иликтөөлөрго эч кандай реакция кылбай жатканы айтылууда.

Матраимовдор “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди.

Кадыр-баркын коргоо тууралуу доо арыздын суммасы төмөнкүдөй: “Азаттык” — 22 миллион сом, “Kloop” — 12,5 миллион сом, 24.kg — 15 миллион сом.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты