​Абылгазиев: “Бажыга болгон ишенимди кайтарууга болот”

  • 4 года мурун

«Ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болот. «Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев менен жолугушкан учурда билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Абылгазиев өкмөт жүктөрдү электрондук тариздөө механизмдерин киргизүү жана бардык бажы постторунда автоматташтырылган системаны толук масштабдуу иштете баштоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кытай менен чек арадагы өткөрмө жайларда ишке берилген инспектордук тыкыр көзөмөлдөө комплекстери сыяктуу, башка тилкелерди дагы заманбап техника менен жабдууга тийишпиз. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде бажы ишине көз салууга шарт түзөт. деп белгиледи Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт бажы-логистикалык терминалдарды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери менен өнүктүрүү максатын койгону айтылды.

Өкмөт башчы Европа жана Азияны бириктирген, эл аралык транспорттук коридорлордун кесилишиндеги, Кытай менен чек арага жакын аймактагы эң заманбап индустриалдык-логистикалык борборлордун бирин куруу боюнча ири долбоорду ишке ашырууну белгиледи.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты