Көк-Мойноктун тушунда көмүр жүктөлгөн поезддин 8 вагону рельстен чыгып кетти

  • 4 года мурун

“Кыргыз темир жолунун” басма сөз кызматы билдиргендей, Балыкчы-Жел Арык участогунда жүк ташуучу 8 вагон рельстен чыгып кеткен.

Бул маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы да тастыктады.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын тушунда Балыкчы-Бишкек багыты боюнча көмүр ташып бара жаткан поезддин 8 вагону рельстен чыгып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жакта ИИМдин кызматкерлери, Балыкчы шаардык өрттөн куткаруу бөлүмү тартылган.“Кыргыз темир жолу» ишканасы тарабынан иш жүргүзүлүүдө. Балыкчы-Жел Арык участогу убактылуу жабылды.

Алдын-ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты