​Матраимовдор тууралуу иликтөө жарыялаган сайттар хакердик чабуулга кабылды

  • 4 года мурун

Кечээ, 17-декабрда, бир катар интернет басылмалар хакердик чабуулга кабылды.

Алар-Kaktus.media, Economist.kg жана биздин Pk.kg. -«ПолитКлиника» медиасы.

Аталган басылмалар Factcheck.kg. сайтынын Матраимовдун жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова тууралуу журналисттик иликтөөсүн көчүрүп жарыялаган. Медиа өнүктүрүү борборунун сайты да тосмолонуп калган. Журналисттик иликтөөдө Уулкан Тургунованын расмий кирешесине дал келбеген эбегейсиз каражатты өзүнө сарптаганы тууралуу сөз болгон.

Ал эми ага чейин Factcheck.kg. сайтынын өзү хакердик чабуулга кабылган.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты