​Туристтер агылган “Ашу” конок үйүнүн баяны. Ишкерликтин сыры

Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин өрөөнүнүн Калмак-Ашуу айылындагы “Ашу” конок үйүн уккандар көп. Тоонун койнунда болгонуна карабай, чет өлкөлүк туристтердин агымынан сырткары, ар кайсы эл аралык уюмдар иш-чараларын өткөрүүгө атайын шаардан ушул конок үйгө барышат. Тоонун таза абасы, кооз жаратылыш жана заманбап шарт баарын өзүнө тартып турат.

Ишкер Станбек Тойчубаев 21 жыл мурун өз үйүн конок үйгө ыңгайлаштырып, алгачкы конокторун тоскон. Улам кеңейип отуруп, азыркы учурда гектарлаган жерлерди ээлеген чоң базага айланды. Келген коноктордун саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ишкердин ийгилигинин сыры эмнеде экенин сурап, басып өткөн кыйынчылыктары, бизнестеги жолу тууралуу маек курдук.

21 жыл мурун башталган

— Мындай конок үйүн ачуу тууралуу ой 1992-93-жылдары пайда болгон. Алгачкы туристтерди 1998-жылдан баштап тосо баштаганбыз. Идея кайдан келди дегениңерге мен кедейчиликтен пайда болду деп жооп берер элем. Анткени, кедей жашаганда элдей болуп жашагың келет экен. Кыргызстанда оокат кылгандын эки түрү бар,. же өзүң жасашың керек, же аткаминер болушуң керек. Айылда жашасаң кайдан чиновник болосуң? Анан Кудай жалгап туризмди колго алып кеттик. Ал убакта туризм жаңы эле башталып атпады беле. Боом капчыгайынан Жибек жолу өтөт да. Биз андан 21 чакырым алыстыктабыз. Ал жактан өткөн туристтерди кызыктырыш үчүн эмне жасаш керек? Кызыктуу бир тур, тамак анан жатакана керек деп ойлодук. Баштаганда өзүбүздөн үйдөн эле баштаганбыз. Анда болгону төрт бөлмөбүз бар эле, аларды конок тосууга ылайыкташтырып, сунуштай баштадык. Бардык шарты менен жатакана, даамдуу тамагы бар, ат минип тоого чыкса болот деп. Башында кызыктуурунун жолу ушул болгон. Мисалы, Европага, Америкага реклама кылуу үчүн ал жакка барышың керек да, ага биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Кыргызстанды реклама кылган атайын компаниялар бар эмеспи. “Кыргыз Концепт” сыяктуу. Ошолор менен иштеше баштадык. Аларды биринчи чакырып, инфотур уюштуруп, шарттарыбызды көрсөттүк. Ошентип өнөктөштүк негизде иштеше баштадык.

Алгачкы коноктор

— Биринчи коногубуз Том деген киши болду. Ал бизге көп жардам берди. 90-жылдары Кыргызстанга биринчи келген туристтердин бири болчу. Инилерим менен чогуу иштеп, анан үйгө келип конок болуп кеткен. Конок үйүн ачпайсыңарбы деп башталгыч этабын айтып кеткен эле. Кийин өзүнүн тогуз чет өлкөлүк таанышын алып келди. Анан аларды тосконбуз. Тоскондо дагы ал убакта билбейсиң да. Бозүйду тургузуп, койду союп, дасторконду тойго жасагандай кылып алып тосконбуз. Ал биринчи тажрыйба болчу, көрсө, чет өлкөлүк туристтерге анын кереги жок экен. Баары өзүнүн нормасы менен, андан ашык жей алышпайт тура. Азыр эми баарын чактап бере турган болдук.

“Халявный” акчадан баш тарттым”

— Бул ишти баштоо үчүн мен эч кандай акча кетирген жокмун. Ачканыбызга 21 жыл болду да. Ал жылдар ичинде көптөгөн уюмдар, фонддор грант берүүгө даяр болчу. Бирок мен алган жокмун. Анткени, ал бекер акча да. Орусча айтканда “халявный акча”. Аны алгандан кийин аракет жок болуп калат. Ошондуктан кызыккан эмесмин. Албаганыма ушул күнгө чейин өкүнгөн жокмун. Бул өзүн-өзү каржылаган бизнес. Туристтен тапкан акчаны аласың, кайра өзүнө саласың. Эң башкы маңызы ошол. Ал акчаны башкага жумшабаш керек, тойго эмес, жаңы көйнөккө эмес. Мисалы, стол жасатыш керек, ашканага жабдууларды алыш керек, бөлмөлөрдү жакшыртышың керек. Болгон маңызы эле ошол.

Акча маанилүү, бирок жаңы баштап жаткан учурда акчага караганда идея маанилүү.

Эски менен жаңыны айкалыштырган өзгөчө интерьер

— Башында өзүм жасадым. Анан чет өлкөгө чыгып баштаганда түрдүү идеяларды көрдүм. Буларды баары балтага жасалган иштер. Эгерде башкалардай болуп кагаз (обои) чаптап, “евроремонт” кылып койсоң анда кызыгы жок болуп калмак.

“Өзүңө кандай шартты кааласаң, тейлөөнү да ошондой кылуу керек”

— Тейлөөнү туура жасаш керек. Өзүңө кандай шарттарды кааласаң ошондой кылып жасаган туура. Мисалы, азыр биздин айылдын 60 пайызынан көбүнүн үйүндө бардык шарттары бар. Суубузду дагы өзүбүз жасап алганбыз. Мен айылга социалдык инвистицияларды жасаганга аракет кылам. Швейцариялык досторумдан 8000 евро алып, өзүм дагы 10 миң доллардай кошуп, тоонун булагынан суу алып келип түштүк. Биздин өрөөндө сегиз айыл болсо, алардын ичинде биздин айыл гана күнү-түну суу ичет. Туризимде дагы маанилүү нерсе таза суу болушу керек. Мисалы, бөлмөлөрдөгү раковинадан, душтан чыккан суулардын баары тоодон, булактан чыккан суу. Атайын сертификациядан өткөн.

Чет өлкөлөргө көп чыгып баштаганда тейлөөнү үйрөнө баштадык. Албетте баары каталарды кетирип, тажрыйба менен келди. Анан биз эч жакка чыкпай эле улуу элбиз деп көкүрөк кага беребиз. Ал туура эмес. Эки жакка чыкканда анан бир нерсени үйрөнөсүң. Бирөөнүн тамак бергенин көрөсүң, тренингдерге барасың, окуйсуң. Ошентип атып анан үйрөнөсүң да. Билим алуу дагы маанилүү экен.

Айылдыктар үчүн жумуш орду

— Атчылар, официанттар, ашпозчулар, гиддер баары биригип 30дай киши иштейт. Принципиалдуу түрдө туугандарды жумушка албайм. Анткени, тууган менен туугандай эле мамиледе болгон жакшы да. Айылдагы эле кыз-келиндер, анан жайында каникулда Бишкектен келип дагы иштегендер бар.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын шарттар

— Коноктор, кардарлар келип турушу үчүн жаңы тренддерди, идеяларды карап туруш керек. Шарттар болуп турса кишилер келет да.

Бир жол Чехиядан келген туристтер “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир коногубуз дагы келет, душту ага ылайыктап жасап кое аласыңарбы” деп суранып калды. Кантип жасоону видеодон көрүп туруп эле өзүбүз жасап койдук. Анан жакында эле экинчи кабатка чыкканга ылайыктап лифт жасадык.

Бул деген отель эмес да, конок үй. Отелде муну жылдырсаң дагы тыйын сурайт, тигини жылдырсаң дагы тыйын сурайт. Бул жакта үйүндөгүдөй эле жашашат. Ашкана таң аткыча жабылбайт. Өзү каалаганда кирип тамак жасап жеп алат.

Келечекте дагы чоңойтобуз буйруса. Анткени, бузде орун жетпей калат. Анан дагы хостел ачалы деп ойлонуп жатабыз. Студенттер келет, рюкзак менен эле саякаттагандар келет. Аларга ылайыктап, арзаныраак кылып жасайлы деп жатабыз. Негизгиси токтобой кыймылдаш керек.

Кыргызстанда баары өз ишинин майын чыгарып иштеп, мамлекеттен уурдабаса, калп айтпаса эле өнүгүү жолуна түшмөкпүз деп ойлойм.

Маектешкен Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөр автордуку жана конок үйдүн жеке архивинен алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты