Финансы министри Жеенбаеванын Сауд Аравиясындагы кийингенине кандай карайсыз? (Сурамжылоо)
- 5 лет мурун
Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын Сауд Аравиясында расмий делегация курамында баргандагы аравиялыктардын салтына ылайык кийингени социалдык тармактарда сынга кабылды.
-Ал эми сиздин пикириңиз кандай? Финансы министри Жеенбаеванын аравиялыктардын шартына ылайык кийингенин колдойсузбу же колдобойсузбу?
Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы падыша Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда Сауд Аравиясына расмий сапар менен жүрөт. Расмий делегация курамында финансы министри Бактыгүл Жеенбаева да бар.
Сүрөттө: Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева Сауд Аравиясында документтерге кол коюу учурунда.
Муну бөлүшүү