Дастанбек Жумабековду төрагалыктан алуу каралып жатабы?

  • 4 года мурун

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматтан чакырып алуу боюнча фракция кароосуна сунуш киргизгенин фейсбук баракчасына жазды.

«Мамлекеттин жогорку органынын имиджи анын жетекчисине байланыштуу. Биздин мисалда төрагага байланыштуу. Азыркы төрага Дастанбек Артисбекович Жумабеков бул кызматка даяр эмес экенин көрсөттү. Ал али жаш, дагы үйрөнөт.

Мен фракциянын кароосуна аны кызматтан чакырып алуу боюнча сунуш киргиздим. Маселе талкууланып жатат. Колдоо табабыз деп ишенем. Биз ошондой кадамга барышыбыз керек» деди Исхак Масалиев.

Депутат Масалиев Жогорку Кеңеш төрагасын коомчулук сындап жатканынын туура жактары бар экенин айтты:

«Коомчулук аны сындап жатканы — факт. Сындын адилет жактары бар. Айрым иште, биз кесиптештерибиз менен өзүбүз чечим кабыл ала алабыз. Биз өз жетекчибизди шайлап жана кызматтан ала алабыз» деди депутат.

Сүрөт: Инт ернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты