​Жээнбеков Абу-Даби мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен жолукту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 12-декабрда Абу-Даби шаарындагы «Каср Аль Ватан» сарайында болду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү,

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Мураскер ханзаада Мухаммед бин Заед Аль Нахайян чакан курамда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына кечээ, 11-декабрда, Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен келген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты