​Эл аралык PR-сыйлык Кыргызстанга биринчи жолу берилет

  • 4 года мурун

6-7-декабрда Россиянын Воронеж шаарында RuPoR-коомдук байланышты өнүктүрүү 2019-жылдагы сыйлыгын ыйгаруу аземи болду.

Сыйлык мамлекеттик, коомдук мекемелерге, коомдук байланышты өнүктүргөн жамаат жана жеке адамдарга жыл сайын ыйгарылат.

Быйылкы жылы сынакка 89 долбоор түшкөн. Кыргызстандан “Гуров и партнеры-Центральнывя Азия”- “Гуров жана шериктери-Борбор Азия” долбоору жеңүүчүлөрдун катарында болду.

Алар “Кыргызстандагы биринчи PR агенттик” долбоору мыкты он долбоор катарына кирип, эми жаңы сыйлыкка ат салышат.

«Гуров и партнеры – Центральная Азия» – «Гуров жана шериктери- Борбор Азия» эл аралык стандарт менен иштеген биринчи PR-агенттик. Ал салттуу PR жана жаңы медиа боюнча тереңдетилген экспертиза жасайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты