​Жээнбеков: «Кылмыштуулук статистикасы — реалдуу»

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында соттук реформа боюнча кеңеш жыйынын өткөрүүдө.

Күн тартибине жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин колдонуунун жүрүшү тууралуу жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган маселелер кирди,

Мамлекет башчы буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кыскача айтып кетти.

«Мурдагыдай кааласа каттап, кааласа жаап кое-турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы бул реалдуу статистика. Бирок азырынча бул реестрдин бир гана — сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек».деди.

Соттук системаны мамлекеттик бюджеттен каржылоо иши жакшырды. 2018-жылы дээрлик 1,6 млрд сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 млрд 154 млн сом бөлүнгөн жана 2020-жылга 2 млрд 193 млн бөлүндү.

Мамлекеттик органдарды тиешелүү программалык системалар жана аудио, видео жазуу каражаттары менен жабдуу үчүн каражаттар бөлүндү.

Сот өндүрүшүндөгү жаңы институттун — тергөө судьясынын ишмердиги башталды. .

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты