Жээнбеков: «Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө.

Анда Президент Сооронбай Жээнбеков катышуучуларды куттуктады.

Мамлекет башчы ошону менен бирге сот системасындагы кемчиликтерге да токтолду.

-Сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүүдө. Сот системасынын ачыктыгын, адилеттүүлүгүн камсыз кылуу максатында санарип технологиясы кирүүдө. Материалдык база жакшырууда.

Бирок, реформаны алдыга жылдырайын деген демилге, аракет байкалбайт.

Соттордо жеке адамдык фактор дагы эле күчүндө.

Албетте, араңарда адилет судьялар аз эмес.

Бирок, мыйзам жана кудайдан коркуп, баарыңар тегиз абийирдүү болуп кетти деп айта албайм. Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, соттордун ичи тазармайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базасын канчалык оңдобойлу, сот реформасы ийгиликке жетишпейт,- деди Президент.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты