Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Кожошев Арзыбек Орозбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ага чейин ал кызматты Санжар Муканбетов ээлеп турган. 2019-жылдын май айында Муканбектов экономика министри болуп дайындалгандан кийин аталган кызмат бош турган.
Муну бөлүшүү