Музей жамааты Жангарачеваны кайра кызматына коюу боюнча кайрылды

  • 4 года мурун

Кыргыз көркөм сүрөт музейинин жамааты Президент Сооронбай Жээнбековго жакында директорлуктан кеткен Мира Жангарачеваны кайра кызматына коюу өтүнүчү менен кайрылышты.

Алар бул тууралуу музейдин фейсбук баракчасында билдирди.

“Жакында өткөрүлгөн көргөзмө-феминалле мурдатан пландалганын, алар коомчулукта терс кабыл алаарын күткөн эмеспиз” деп билдирди.

28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде аялдардын укугу боюнча көргөзмө ачылып, ал коомчулуктун сынына кабылган.

Коомчулуктун сынынан кийин музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан кетүү боюнча арыз жазган.

2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Мира Жангарачеваны кызматынан бошоткон.

Мунун алдында маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар да катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешпей уюштурулганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты