​Кумтөр кениндеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штаб түзүлдү

  • 4 года мурун

Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу атайын штаб түзүлдү.

Кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабга Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.

«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар түнкүсүн да издөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты