​Жөө күлүк Дарья Маслова олимпиада оюндарына жолдомо алды

  • 4 года мурун

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалымдалгандай, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улутук курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышты.

Дарья 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Ошентип спортчунун убактысы Токиодогу олимпиадалык оюндарына лицензиянын нормативин аткарууга мүмкүнчүлүк түздү.

Дарья Маслованын Валенсия шаарына барышы спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 105 миң сом каралган.

Олимпиада оюндары 2020-жылы Токио шаарында өтөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты