​Көркөм сүрөт музей директору Мира Жангарачева кызматтан бошотулду

  • 4 года мурун

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу буйрукка 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов кол койду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи “Кормилица” деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминаллени өткөрүү үчүн өз аянтчасын ижарага берүү менен уюштуруучулардын катарына кирген.

«Бул көргөзмөнүн авторлорунун алдын- ала ойлогон максатына ылайык, аялдардын экономикалык жактан эркиндиги жөнүндө темага коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

Экспозиция толугу менен уюштуруучулардын (ижарага алуучулардын) ойлогон оюна ылайык түзүлгөн жана коомчулук арасында нааразылыктын пайда болуусуна өбөлгө түздү.

Экспозициянын иш жүзүндө белгиленген “аялдардын экономикалык эркиндиги” темасынан кыйла өзгөчөлөнүп турарын белгилеп кетүү зарыл.

Тилекке каршы, хореография, пантомима, актёрдук пластика чыгармачылык процесстин материалы болгон перфомативдик эстетика уюштуруучулар тарабынан өзгөчө түшүндүрүлүп, өз алдынча интерпретацияланууда.

Феминалле өзү провокациянын тилин өзүнчө ыкма, эпатаж катары пайдаланат, ошондуктан жылаңач денени перфоматив ыкма катары берет, бул өз кезегинде көрүүчүлөрдү дезориентациялоого түрткү берип, экономикалык эркиндик темасына эч кандай тиешеси жок.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт.

Бул иш-чараны өткөрүү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашылбагандыгын эске алуу менен музейдин директоруна мындай контенттеги иш-чаралар макулдашуу процессин өтүүсү зарыл экендиги тууралуу жана мындан ары максаттарды концептуалдуу түрдө ар тараптуу үйрөнүп, көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруунун ыкмаларын жана жол-жоболорун музейдин илимий-методикалык кеңешинде макулдашуу керектиги эскертилди.

Маданият, маалымат жана туризм министри бул маселени кароо боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Министр ведомстволук мекемелерде, анын ичинде көргөзмө ишмердүүлүгүндө максаттарды, милдеттерди жана тартылуучу ресурстарды белгилөө менен перспективалык пландоо боюнча методикалык иштер жүргүзүлбөй жаткандыгын белгиледи» деди министрлик.

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору болуп 2019-жылдын 19-июнунда дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты