Казакстан менен бир катар документтерге кол коюлду

  • 4 года мурун

Казакстандын Президенти Каысм-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга сапарынын жыйынтыктары боюннча бир катар документтерге кол коюлду.

Кыргызстан жана Казакстан мамлекет башчыларынын биргелешкен декларациясы, кызматташтыктын 2020-2022-жылдарга комплекстүү программасы, Кыргызстандын «Ак-Тилек-автодорожный» жана Казакстандын «Карасу-автодорожный» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана жана азыркы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен өз ара аракеттер жөнүндө макулдашуу;

Өкмөттөр ортосундагы миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу, Куралдуу күчтөр, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, саламаттык сактоо, экологиялык жана техикалык коопсуздук маселеси боюнча кызматташуу келишимдерине кол коюлду.

Ошондой эле мамлекеттер аралык жогорку кеңештин бешинчи отурумунун жыйынтыктары боюнча чек ара, логистика, маданий-гуманитардык байланышуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

Бул тууралуу Президенттин бавсма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президененттин басма сөз кзыматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты