​«Ак-Кеме» мейманканасына байланыштуу иш өкмөттүн пайдасына чечилип, укуктук териштирүү аяктады

  • 4 года мурун

«Ак-Кеме» мейманкасынын иши боюнча «Систем Мюхендислик» компаниясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 11,4 миллион АКШ долларын төлөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганы тууралуу билдирүүгө КР өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет.

-Алты жылга созулган соттук териштирүүнүн алкагында, мамлекеттин пайдасына бир беткей чечим кабыл алынган.

Күрөө катары камакка алынган «Кыргызалтын» ААКга таандык канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы «Кыргызалтын» ААКга гана таандык жана Кыргыз Республикасына доосу бар тарап аны конфискация кыла албайт деп 2016-жылдын 29-декабрында Онтарио провинциясынын апелляциялык соту чечим чыгарган.

«Систем Мюхендислик» жана түркиялык «Энтес» компаниясынын апелляциялык арызын канааттандыргандан баш тартуу жөнүндө 2017-жылдын 15-июнунда Канаданын жогорку соту акыркы чечимин чыгарган.

Мамлекеттик органдар тарабынан кайсы бир компаниянын эсебине айтылган каражат эч качан которулган эмес. Эл аралык арбитраждын кабыл алынган нормаларына ылайык, каражат «Кыргызалтын» ААКтын Канададагы атайын эскроу-эсебинин депозитине убактылуу салынган, бул соттук териштирүүдөгү шарттардын талабы.

Бул акча каражаттары 2017-жылдын июнь-июль айларында Кыргыз Республикасынын мамлекттик бюджетине толугу менен кайтарып берилген, -деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты