Бердымухамедов алабай айкелинин долбоорун жактырды

  • 4 года мурун

Шамухаммет Дурдылыев калаанын борборуна орнотула турган алабай айкелинин жаңы вариантын көрсөттү. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, президент Гурбангулы Бердымухамедов айкелдин жаңы вариантын жактырды.

Долбоорго ылайык, эстелик турган постаменттин кеңдиги 36 метрди, бийиктиги тогуз метрди түзүп, ага алтын тамгалар менен Turkmen Alabayy деген жазуу түшүрүлөт. Алабайдын өзү алты метр болот.

Расмий басылмалар эстелик 2020-жылы июль айында даяр болорун маалымдашты. Аны тургузууга канча каражат жумшалары айтыла элек.

Мамлекет башчы быйыл сентябрда түркмөн алабайына арналган китебин жазып бүткөн. 13-сентябрда ал өкмөттүн жалпы жыйынында алабайга арнаган китептеги ырын окуп берген:

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөттө: Айкелдин долбоору

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты