Арстанбек Ирсалиевди эскерүү кечеси өтөт

  • 4 года мурун

29-ноябрда Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз эл артисти Арстанбек Ирсалиевди эскерүү кечеси өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеченин коноктору дүйнөлүк балет жылдыздары Ирина Перрен жана Марат Шемиунов, “Кремль балетинин” примасы Екатерина Первушина жана “Астана операнын” премьери Еркин Рахматуллаев болмокчу.

Арстанбек Ирсалиев 1950- жылы 25-февралда Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Ваганов атындагы Ленинград мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайына тапшырган. Ал эми 1969-жылы Бүткүл союздук балет артисттеринин арасында уюштурулган сынакта А. Хачатуряндын музыкасына жазылган “Рикша” номерин мыкты аткарып жеңүүчү болгон.

Ошол эле жылдан баштап, Арстанбек Ирсалиев классикалык репертуарлардын алдыңкы партияларын аткара баштаган. Алар: “Ак куу көлү”,«Жизель», «Корсар», «Ромео жана Джульетта», «Лауренсия», «Франческа да Римини», «Бахчисарай фонтаны», «Шопениана», «Дон Кихот», «Спартак», «Баядерка» болгон.

Ошону менен катар Ирсалиев улуттук спектаклдерде «Анар», «Куйручук», «Асел», «Саманчынын жолу» жана башкаларда роль аткарган.

Артисттин талантын киночулар да байкап, “Ысык- Көлдүн кызгалдактары” жана “Космонавттар көчөсү” тасмаларына тартышкан.

Бий өнөрүндөгү жеке карьерасын токтоткондон кийин, ал Бишкек хореографиялык окуу жайына мугалим болуп эмгектенип калат. Арстанбек Ирсалиев катуу дартка чалдыгып, үзгүлтүксүз дарыланууга аргасыз болуп, өлкөдөн кеткен. Ал Америка Кошмо Штаттарында 2019- жылдын 5-октябрында дүйнө салган.

Эскерүү кечеси 29-ноябрда саат 18:30да академиялык опера жана балет театрында болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты