«#REакциянын» катышуучулары Президентке жана парламентке кайрылуу жөнөтүштү
- 5 лет мурун
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн «#REакция» аттуу жарандык акциянын катышуучулары Президентке жана парламентке кайрылуу жөнөтүштү.
Кайрылууда беш талап айтылган:
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө боюнча териштирүү жүргүзүү;
Бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүү;
Коррупция тууралуу айтып чыккан журналисттердин жана активисттердин коопсуздугун камсыз кылуу;
Реформа жүргүзүү жана паракорчулук менен күрөшүү;
Түркияда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы ишкердин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуу.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды чакырып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты. Ар кандай маалыматтарда миңден ашык киши келгени кабарланды.