​Бишкекте 28-ноябрда ЖККУнун жыйыны өтөт

  • 4 года мурун

28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселе каралат. Күн тартибинде 21 маселе бар.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, ЖККУнун жыйынына Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты