Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун долбоорлоого Россия 200 млн. рубль бөлдү

  • 4 года мурун

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалыкэкономикалык негиздемеси даярдалды.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенинин эки жылдыгынын алдында коомдук телеканалдагы маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого Орусия 200 миллион рубль бөлүп берген.

— Учурда бул боюнча саясий чечим кабыл алынды. Эксперттик топтор иштеп жатат. Кытай тарап да буга макул болду. Мен Кытайга эки жолу барып келдим. Анын жүрүшүндө сүйлөштүк. Орусиянын президенти менен да сүйлөшүп, саясий жагы чечилди, — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу — көп жылдардан бери айтылып, ишке ашпай келаткан ири долбоор.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн.

Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуш кылган.

Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты