​The Times «Мисс Беларусь-2018» сынагынын жеңүүчүсү менен Лукашенконун мамилеси тууралуу жазды

  • 4 года мурун

The Times гезити Беларусь президенти Александр Лукашенко менен «Мисс Беларусь – 2018» сынагынын жеңүүчүсү, өткөн жекшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасына эң жаш депутат болуп шайланган 22 жаштагы Мария Василевичтин мамилеси тууралуу жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Василевич былтыр май айында сулуулар сынагын жеңгенден бери 65 жаштагы Лукашенко аны дайыма жандап жүрөт. Экөө бир катар фестиваль, хоккей оюндарына жана Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чогуу барган. Президент аны маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаган.

Ошондой эле Василевич сулуулардын дүйнөлүк сынагына катышканы жатканда анын даярдыгын Лукашенко жеке өзү көзөмөлдөгөн. Ал сынакта беларус сулуусу үчүнчү орунду алган.

Гезиттин макаласында Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөрө тургандыгы белгиленген.

Ушул жекшемби күнү Беларуста мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында оппозициянын бир дагы өкүлүнө мандат тийген эмес. Эл аралык уюмдар шайлоо «таза эмес, адилетсиз» өткөнүн белгилешип, добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

«Европадагы акыркы диктатор» деген каймана атка конгон Лукашенко Беларусту соңку 25 жылдан бери башкарып келет. Ал 1975-жылы үйлөнгөн, бирок өлкө башчысы болгондон бери коомчулук жубайы экөөнү чогуу көрүшкөн эмес.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөттө: Александр Лукашенко менен Мария Василевич менен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты