Ашхабадда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат

  • 4 года мурун

Ашхабадда аялдар мөөнөтү бүткөн айдоочулук күбөлүктөрүн жаңысына алмаштырууда көйгөйлөргө туш болушууда.

Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери аялдар айдоочулук күбөлүк ала албай жатышат.

Түркмөнстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, эски айдоочулук күбөлүк, сынактан өткөндүгү тууралуу карта, нике күбөлүгү, мындан тышкары психолог, нарколог жана үй бүлөлүк дарыгерден маалымкат талап кыланат.

Ошол эле маалда бийлик аялдарга эмне себептен айдоочулук күбөлүк берилбей жатканы тууралуу комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты