Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоого 5,7 млн евро грант алат
- 5 лет мурун
Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн 5,7 млн. евро грант алат. Мындай чечим Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экологиялык реабилитациялоо маселесине арналган Лондондогу жыйында кабыл алынды.
Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул чечим үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди:
— Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында жайгашкан мурдагы уран өндүрүшүн рекультивациялоо боюнча эки долбоорду каржылоого 5,7 млн евро бөлүү тууралуу чечими үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (ЕРӨБ) ыраазычылык билдирем. Рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи кварталында башталат. Ошондой эле келерки жылдын экинчи кварталында Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайда рекультивациялык чараларды баштоо пландалууда», – деди Боронов.
2015-жылы май айында Европа биримдигинин жана ЕРӨБдүн демилгеси менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү фонду түзүлгөн. Фонддун каражатына Борбор Азия аймагындагы үч республиканын жети радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайын рекультивациялоо боюнча чаралар ишке ашырылат. Алардын үчөөсү Кыргызстандын аймагында жайгашкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө жалпысынан уулуу жана радиоактивдүү заттар сакталган 92 жай бар. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Уулуу жана кооптуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.