Ысык-Көлдө жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-ноябрда саат 23:49да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу, Темир Канат айылында 2,5 балл жана Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эместиги кабарланды.
Муну бөлүшүү