Күйөрмандар оюндан кийин таштандыны жыйнай кетишти

  • 4 года мурун

Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешинен кийин оюнду көргөнү келген күйөрмандар таштанды калтырган жок. Бул туурасында «Тазалык» ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Мэрия Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасына таштанды салган 15, ал эми фанаттар оюн көргөн эски аянтка 20 контейнер орноткон.

«Тазалаганга эч нерсе деле калбаптыр. Эски аянттагы күйөрмандар таптаза кылып кетишти. Стадиондун айланасында да ошондой көрүнүш. Таштандыларды контейнерге чейин алып барганыңыздарга рахмат! Тазалыкты сактаганыңыздар үчүн чоң рахмат!» — деп жазган Каракеева Facebook тармагына.

Кечээ, 15-ноябрда, Бишкекте болгон Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары беттешип, жергиликтүү команда 0:2 эсеби менен жеңилип калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты