Кыргызстан курама командасы Япониядан 0:2 эсебинде утулуп калды
- 5 лет мурун
Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Япониянын курама командасынан 0:2 эсебинде утулуп калды.
Япондордон голду Такуми Минамино менен Гэнки Харагути киргизди.
Ошентип, Япония алдыда келатат. Андан кийинки экинчи орунда Кыргызстан менен Тажикстан командалары.
19-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен ойномокчу.
Эки өлкөнүн командалары бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешти.
Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын оюну 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын жана 2023 -жылы боло турган Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өттү.
Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү