Абылгазиев: «Акысыз гемодиализ үчүн кошумча каражат бөлүнөт»

  • 4 года мурун

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бюджеттен гемодиализге 322,8 миллион сом кошумча каражат каралды. Муну менен жалпы сумма 974,4 миллион сомго жетти.

Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-2020-жылдын бюджети боюнча баяндама жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 1223 бейтап акысыз гемодиализ алып келсе, быйыл алардын саны 300гө көбөйүп 1518 кишиге жетти.

«Бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарыбыз үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөндүгүн баса белгилеп кетем. Быйылкы жылдан тартып гемодиализди аймактык каттоодо турганына карабастан, акысыз жана арзан баада ала башташты», — деди Абылгазиев.

Ал эми жалпы эки жылдын ичинде (2018-2019-жылдар) жарандарга гемодиализ кызматын көрсөтүүгө 1 миллиард 643 миллион сом бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты