Ашхабадда алабайдын айкели тургузулат

  • 4 года мурун

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда алабай тукумундагы иттин эстелигин тургузууга тапшырма берди.

Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. 6-ноябрда Гурбангулы Бердымухамедов шаардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Мамлекет башчы курулуш долбоорлору тууралуу маалымат алып, Ашхабадга алабай эстелигин тургузууну тапшырган.

Түркмөнстанда алабай тукумундагы ит улуттук дөөлөт катары эсептелет. Түркмөн президенти ага арнап китеп да жазган. 13-сентябрда өкмөттүн жалпы жыйынында аткаминерлерге алабайга арнаган ырын окуп берген.

Расмий басылмалар эстелик 2020-жылы июль айында даяр болорун маалымдашты. Аны тургузууга канча каражат жумшалары айтыла элек. Ашхабадда алабайга арналган алгачкы айкел 2017-жылы эле пайда болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты