​Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып алды

  • 7 лет мурун

Чүйдүн Кой—Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн офицер асынып алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады.

Анын маалыматына караганда, окуя 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон.

— Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн сөөгүн таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз, — деди Жарашева.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты