Жумакадыр Дүйшеевдин тил илимине салымы белгиленди

  • 4 года мурун

Кечээ, 1-ноябрда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ардактуу профессор Жумакадыр Дүйшеевдин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү.

Жыйынга окумуштуулар, окутуучулар жана студенттер, Жогорку Кеңештин депутаттары ж.б. катышты.

Жумакадыр Дүйшеевдин 80 жылдык мааракеси менен проректор, профессор Садык Алахан сөз сүйлөдү.

Конференция мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин куттуктоо сөзү менен уланды.

Жумакадыр Дүйшеевдин илимий эмгектери, турмуш жолу жөнүндө бир катар баяндамалар окулду .

Окумуштуулар Р. Эгембердиев, Ж. Чыманов жана Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Дүйшеевдин илимий-эмгектери жана китептери тууралуу белгиледи.

Жумакадыр Дүйшеев — 18 илимий-методикалык окуу куралдын, 1 авторлош сөздүктүн, 2 программанын, 50дөн ашуун илимий макаланын автору.

Ал 45 жылдан бери Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде эмгектенип, 2019-жылы КУУнун ардактуу профессору наамын алган.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөр: Автор тарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты