Баалуу металл жана буюмду мыйзамсыз алып бара жаткан чет элдик кармалды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери » Манас» аэропортунун авиация коопсуздугу кызматынын кызматкерлери менен бирге баалуу металл жана буюмдарды мыйзамсыз алып бара жаткан чет элдик жаранды кармашты.

Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

24-октябрда «Манас» бажысынын кызматкерлери «Манас» аэропортунун кызматкерлери менен бирге Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учуу каттамын көзөмөлдөө учурунда болжолдуу тарыхый баалуулугу бар металл жана буюм алып бара жаткан H,L. аттуу Кытай жараны кармалган.

  1. 23 даана ар кайсы номиналдагы гравировкаланган сары металлдан тыйын (болжолдуу алтындан), XIX — XX кылымдарга таандык;
  2. Тыйындан жасалган колго тагуучу 2 чынжыр (болжолдуу алтындан), ар бир чынжырда байыркы тыйындардан бештен тагылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди. Кармалган буюмдардын курамы жана наркы тергөө иштеринин алкагында аныкталат.

Сүрөттөр: Бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты