​Иракта элдик толкундоолор учурунда 17 киши каза тапты

  • 4 года мурун

Ирактын Кербела шаарында 29-октябрга оогон түнү полиция нааразылык акцияга чыккандарга ок атты. «Reuters» маалымат агенттиги ооруканадагы жана күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, анда бери дегенде 14 адам өлүп, 865 киши жаракат алганын кабарлады.

Дагы үч киши Ирактын түштүгүндөгү Насирия шаарындагы башаламандык учурунда мерт болду.

Ирактагы нааразылык акциялары 1-октябрда башталып, полиция менен кагылышууларда, тополоңдо расмий сандарга ылайык, 250дөн көп киши каза тапты, 4 миңдейи жабыркады.

Ири мунай өндүрүүчүлөрдүн катарына киргени менен Иракта калктын 20 пайызга жакыны жакыр жашайт. Жаштар арасындагы жумушсуздук 25 пайызга жетет.

Соңку митингдер өкмөт башчылыгына бир жыл мурун келген Адил Абдула Махди үчүн олуттуу сыноо болуп калмакчы.

28-октябрда шииттердин белгилүү диниятчысы, парламенттеги ири блокту колдогон Муктада ал-Садр мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ирак бийлиги 28-октябрда коменданттык саат киргизген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты