​Курсан Асановдун камалышы боюнча коомдук-саясий ишмерлер Президентке кайрылуу жолдоду

  • 4 года мурун

Бир катар саясий жана коомдук ишмерлер мурдагы ички иштер министринин орун бавсары Курсан Асановдун камалышы боюнча Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жиберишти.

Кайрылуу жолдогондордун арасында Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Кубатбек Байболов ж.б. бар.

Алар кайрылууда мындай деп билдирди:

«ИИМ жетекчилигинин ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы тууралуу билдирүүсү жана Асанов 7-8-августтагы мыйзам бузууга жол берди дегени негизи жетишерлик эмес жана чындыкка дал келбейт. Бул кызыкдар тараптардын айыптоого ыктап жатканы деп эсептейбиз» дешти.

Алар ички и штер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча ишти Президенттин жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүштү.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган.

Ага Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Курсан Асанов 23-декабрга чейин үй камагында болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты