​Бейшен Иманакунов менен коштошуу

  • 4 года мурун

90 жаш курагында белгилүү окумуштуу-химик, академик, Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер, улуттук илимдер академиясынын химия жана фитотехнологиялар институтунун координациялык бирикмелер лабораториясынын башчысы Бейшен Иманакунов 26-октябрда дүйнө салды.

Бейшен Иманакунов Кыргызстанда химия илиминин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошту.

1989-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Илимдер академиясынын химия жана фитотехнологиялар институтунун лабораториясын башкарган.

Бейшенакуновдун жетекчилиги менен илимдин 36 кандидаты жана 4 доктору даярдалган, 350дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын, СССРдин 15 ойлоп табуу күбөлүктөрүнүн жана 8 алдын-ала патентинин ээси.

«Бейшен Иманакунович басып өткөн жол — келечектеги окумуштуулар үчүн үлгү. Биздин өлкөнүн тарыхындагы жана анын ичинде Илимдер академиясынын бир алтын барагы. Анын жаркын элеси жакындарынын, досторунун, коллегаларынын жана окуучуларынын эсинде ар дайым калмакчы. Топурагы торко болсун!» деп айтылат өлкөнүн Президенти Сооронбай Жээнбеков, бийлик бутактарынын жетекчилери , окумуштуулар, кесиптештери, замандаштары кол койгон некрологдо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты