​Ливан: 11 күндөн бери демонстрация өтүүдө

  • 4 года мурун

Ливандын жашоочулары 11 күндөн бери демонстрацияларга чыгышууда. Алар өлкө бийлигин коррупцияга жана экономиканы талкалоого айыпташууда. Бул сыяктуу жапырт жарандык акциялар Ливанда 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан бери биринчи жолу өтүп жатат.

Бейрутта өкмөткө каршы митингдердин катышуучулары автожолдордо кол кармашып, «чынжырча» түзүштү.

Reuters агенттиги кабарлагандай, Ливанда 171 чакырым жол жабылды.

Ливанда бир жумадан ашык убакыттан бери тыным алган банктар дүйшөмбүдө да иштебей турганын жарыялашты. Мектептер жана көптөгөн ишкана-мекемелер жабык.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылык кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты