​Абдыкадыр Орозбековду эскерүүгө чогулушту

Бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага Сооронбай Жээнбеков катышууда. Президент Абдыкадыр Оробековдун даңктуу өмүр жолу тууралуу баян жасады.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Андай белгиленгендей, 1925-жылдан 1937-жылга чейин Абдыкадыр Орозбеков үч жолу мамлекеттик жогорку кызматка шайланып, элине ак кызматын өтөгөн.

1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетине төрагалык кылган.

1926-жылы Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, Абдыкадыр Орозбеков Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

1936-жылы Кыргыз АССРи союздук республика болуп кайрадан түзүлүп, ошол жылы Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат.

Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Ишеналы Арабаев ж. б. тарыхый инсандар менен кыргыз мамлекетин өнүктүрүү ишинде үзөңгүлөш болгон.

Жалаа жабылып, бүт өмүрүн элинин эркиндиги, жакшы жашоосу, эртеңки келечеги үчүн арнаган кыргыздын кыраан уулу — Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынган.

Сегиз ай кыйноодон кийин „эл душманы“ аталып, 1938-жылы атылып кеткен.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты