3200 кыргызстандык Чернобыль кырсыгынын кесепетин жоюуга катышкан
- 5 лет мурун
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чернобыль атом станциясындагы кырсыктын 35 жылдыгына карата уюштурулчу эл аралык форумга карата уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү
Вице-премьер Чернобыль атом станциясында болгон кырсыкка 2021-жылы 35 жыл болорун белгиледи.
1986-жылдан 1989-жылга чейин 3200 кыргызстандык Чернобыль атом станциясында болгон кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышканын айтып өттү.. Мындан тышкары 2021-жылы Япониядагы Фукусима-1 атом станциясында болгон аварияга 10 жыл болорун вице-премьер-министр билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү