​Ишенбай Кадырбеков: «Ким депутат болорун шайлоочу чечпей, партия гана чечип калды»

  • 4 года мурун

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков азыркы шайлоо системасы тууралуу өз оюн мындайча билдирди.

—Эн негизги маселе бүгүн шайлоочулардын Конституцияда жазылган шайлоо укугунан ажырап калганы болуп жатат. Бүгүн депутаттарды щайлаш керек, өзүнүн укугунун шайлоо аркылуу өткөрөт деп Конституцияда жазылып турса, биз бүгүн анын укугун тартып алып, добуш берүү укугун калтырып койдук.

А эмне үчүн шайлоо? Депутаттарды шайлабай, бюллетенде партиянын ысымы гана жазылып калды. Депутат ким болорун шайлоочу чечпей, партия гана чечип калды тизмеге кимди киргизерин.

Мисалы мен шайлоого жана шайланганга укугум бар дейли, бирок мен партияга кирбейм, жагалданып партия лидерине жакын болмоюн же акчамды бермейин, тизмеге кирбей калам. Ошондуктан Конституцияда жазылган шайлоо укугун ордуна алып келүу.

Эми босогону 9 пайызга көтөрүп койбодубу. Биз 7 пайыз босогону катарып берүүнү сунуштап жатабыз, -деди Кадырбеков.

22-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдары боюнча талкуу болду. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ар-Намыс» сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты