Жээнбеков Япон императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш-чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Японияда белгилешкендей, бул иш-чара Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты