​Ливанда демонстранттар өкмөттү алмаштырууну жана реформа талап кылууда

  • 4 года мурун

Дүйшөмбү, 21-октябрда, жүздөгөн ливандыктар коррупция жана саясий сенектикке каршы демонстрацияга чыгышты.

Улуттук туу көтөргөн нааразылык акцияларынын катышуучулары баш калаа Бейрут менен катар Триполи, Сур жана башка шаарлардын көчөлөрүн ээлеп, өлкөдөгү режимди алмаштырууга үндөштү.

Демонстранттар өкмөттүн токтоосуз отставкага кетишин, экономикалык реформа жүргүзүүнү жана жагымдуу инвестициялык шарт түзүүнү талап кылышууда.

Толкундоо 17-октябрда бийликтин Whats App жана башка социалдык тиркемелер аркылуу чалууга салык киргизишине каршы башталган.

Дүйнөлүк банктын билдиришинче, Ливанда калктын төрттөн бир бөлүгү өтө жакыр жашайт. 10 миллион калкы бар өлкөгө жарандык согуш каптаган Сириядан дагы 1,5 миллион киши качып келген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты