УКМК: Сирия лагерлеринде 500дөй кыргызстандык кармалып турат

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште 16-октябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдаган.

Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.

— Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, — деди Тургунбаев.

Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.

Разаков Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталганын, алардын апалары түрмөдө отурганын айткан.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты