​Аида Салянова: «Мен Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм»

  • 5 лет мурун

Экс-баш прокурор Аида Салянова «Мен Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм» деп билдирди Батукаев боюнча кылмыш иши тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

—Мен Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм.

Мени сотко чакырышаа элек. Биздин баарыбызга айып тагылган. Эгер биздин иш сотко өтсө, айыпкер катары эле жооп беребиз.

Биздин иш сотко өтө элек. Менин билишимче, Атамбаевдин эле иши өттү.

Адвокатым экөөбүз дагы эле ходатайство берип жатабыз. Бул иште күнөөбүз жок, биздин ишибизди кыскарткыла деп жатабыз,-деди Аида Салянова.

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда крим төбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча сот отуруму өтуп жатат.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Анын арасында мурдагы баш прокурор Аида Салянова да бар.

Баш прокуратуранын билдирүүсү боюнча, ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди шектүү деп тапкан.

2-октябрда Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев жана Абдухалим Раимжановго айып коюу актысы берилген.

Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2013-жылы рак дарты менен ооруду деп абактан биротоло бошотулган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты