​Жээнбеков Түрк кеӊешинин өлкөлөрү ортосунда IT жана жашыл экономика багытында кызматташууну сунуштады

  • 5 лет мурун

«Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиясы жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштайм» деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынында.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгиледи.

Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жатканын баса белгилеп, азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү багыт катары Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы боордош мамилелерди бекемдөөнү атап, бул келечекте уюмдун өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Сүрөттө: Баку шаары.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты