Түркмөнстан Google компаниясынын маалыматтарды сактоо сервисине бөгөт койду

  • 5 лет мурун

Түркмөнстанда Google компаниясынын маалыматтарды сактоо сервисине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы Qurium Media Foundation уюмунун баяндамасына таянып кабарлаганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Qurium Media Foundation — репрессиялык өлкөлөрдөгү көз карандысыз ЖМКларга санариптик коопсуздук кызматтарын көрсөткөн швециялык бейөкмөт уюм.

Бөгөттөө DNS-серверлерин алмаштырып, жалган IP-дарек берүү менен ишке ашууда. Анын жыйынтыгында колдонуучуларга баракча жеткиликсиз экендиги тууралуу кабар берилет.

Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин айтымында, бул сервиске бөгөт коюу — түркмөн бийлиги үчүн кыйла кымбат.

Быйыл январда түркмөн өкмөтү бийликке жакпаган веб-сайттарга бөгөт коюу жана тыюуларды кыйгап өткөн интернет колдонуучуларды аныктоо үчүн Rohde & Schwarz деп аталган немис фирмасынын телекоммуникациялык жабдууларын колдонуп жатканы кабарланган.

Буга чейин Qurium Media Foundation Түркмөнстанда бөгөт коюлган сайттарга изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында тыюу салынган ресурстардын тизмесине дээрлик бардык социалдык түйүндөр, бир катар дүйнөлүк ЖМКлардын сайттары жана файлдарды алмашууга ылайыкталган айрым популярдуу сервистер киргизилгени аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты