АКШда чалгын кызматкери ММКга жашыруун маалыматтарды бергендиги үчүн камалды

  • 5 лет мурун

АКШ прокуратурасы Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын кызматкери Генри Фризди жашыруун маалыматтарды журналисттерге бергени үчүн камакка алды.

Айыпталуучу 2018-2019-жылдардагы улуттук коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды кабарчыларга берген. Маалымат аты аталбаган чет өлкөнүн куралдануу системасына тиешелүү болгон жана кеминде сегиз материалда колдонулган.

Божомолдор боюнча Фриз журналисттердин бири менен жакын мамиледе болгон. ФБР анын эки кабарчы менен телефон сүйлөшүүсүн тыңшап, Твиттердеги жеке кат алышууларын да окуган.

Юстиция министрлиги журналисттин, ал иштеген басылманын жана жашыруун маалымат камтылган чет өлкөнүн атын атабай турганын билдирди.

Генри Фриз АКШ Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын контртеррордук бөлүмүнүн талдоочусу болуп иштеген. Ал шаршемби күнү эртең менен жумушка келгенде кармалды. Фриздин күнөөсү аныкталса, 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

АКШ Юстиция министрлиги акыркы эки жылда алты кишини жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарууга айыптаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сүрөт: Юстиция министрлиги, Вашингтон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты