​Дубайга баңгизаты бар дары алып бараткан кыргызстандыктар көбөйдү

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган дары-дармектерди, так айтканда «Лирика» аттуу препаратты (оору сезимдерди жоготуучу баңги заты бар препарат), аталган өлкөгө кыргызстандыктар тарабынан алып кирүү фактылары көбөйгөнүн билдирет.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти кабарлады.

Дубай шаарынын эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматы жана бажы органы тарабынан кармалган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санынын көбөйүп жаткандыгына өзгөчө көңүл бурат.

Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кылмыш жоопкерчилигине кабылып калбоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын сак болууга жана аэропорттордогу бейтааныш жана шектүү кишилерден чет мамлекеттердеги белгисиз кишилерге берүү үчүн конверт, бандероль ж.б. нерселерди албагыла деп эскертет.

Эгерде, жарандардын колунда же багажында чет элдик мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан тигил же бул өлкөнүн аймагына алып кирүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган кандайдыр бир буюмдар жана заттар табылса, жоопкерчилик аны алып бараткан жарандардын өздөрүнө жүктөлөт.

Жарандарга чет мамлекеттерге чыгуу алдында, бара турган өлкөнүн бажы эрежелери жана ички мыйзамдары менен терең таанышуу сунушталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты