​Кеминдеги Талды-Булак кенинен 2019-жылы 3800 кг алтын өндүрүлөт

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Левобережный кенинде өткөн көчмө жыйынына катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

«Кемин келечеги» коомдук фонду түзүлгөндөн тартып «Алтынкен» ЖЧК райондун инфра түзүмдүк базасын, медицинасын жакшыртууга, курулуш иштерине дээрлик 2 млн АКШ долларын которгону тууралуу Боронов билдирди.

Айта кетсек, «Алтынкен» ЖЧК 2006-жылы катталган. Коомдун катышуучусу кытайлык «Суперб Пасифик Лимитед» гонконг компаниясы, ал 60% үлүшкө ээ. Анын башкы компаниясы кытайлык «Цзыцзинь Майнинг» кен корпорациясы болуп саналат. Экинчи катышуучусу ишкананын уставдык капиталында 40% үлүшү бар «Кыргызалтын» ААКсы.

Бүгүнкү күнү ишканада 1500 миңден ашуун кызматкер иштейт, алардын 95% Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышат. 2018-жылы кенде 3226 кг алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын бюджетине салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча чегерүүлөр 4 млрд сомдун тегерегин түзгөн. 2019-жылы 3800 кг алтын өндүрүү пландалууда. Дүң киреше 12 млрд сомду түзөт. Ошол эле учурда салыктык түшүүлөр 13 млрд сомду түзөрү пландалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты